Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

УКМК Акундун дооматына жооп кайтарды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин бүгүн тараткан билдирүүсүндө “Московский Комсомолец-Азия” гезитиндеги Азиз Батукаевдин бир тууганынын маегине аталган кызматтын тиешеси жок экени айтылат. Буга чейин аталган гезит кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү саналган Азиз Батукаевдин бир тууганы Хава Хамидованын маегин баскан. Анда Хамидова Азиз Батукаевди бошотуу үчүн Турсунбек Акун 100 миң доллар алганын, айтылган акчаны анын жолдошу Адам Хамидов Акунга өз колу менен бергенин айткан. Андан соң Турсунбек Акун бул маалыматты четке кагып, муну атайын кызматтардын аны каралоо үчүн чыгарган кезектеги оюну деп баалаган.

Улуттук коопсуздук комитети Акундун айткандарын негизсиз, ойдон чыгарылган, жоопкерсиз билдирүү катары баалап жатат.

Криминалдык чөйрөнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаев ден соолугуна байланыштуу деген себеп менен жазында камактан чыгарылган. Анын абактан эртелей бошонуп кетишине тиешеси бар деген жүйө менен июнь айында Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарган. Бул чечимди мыйзамсыз атаган Акун Жогорку Кеңешти сотко да берген. Бирок Бишкек шаардык соту анын арызын канааттандырган эмес. (BkA)

XS
SM
MD
LG