Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Тажикстанда расмий өкүлдүн уулу жол кырсыгы үчүн суракка алынууда


16 жаштагы Расул Амонуллонун бул сүрөтү Фейсбук социалдык түйүнүнөн алынды.
16 жаштагы Расул Амонуллонун бул сүрөтү Фейсбук социалдык түйүнүнөн алынды.
“Тажик Темир жолдору” ишканасынын башчысынын уулу үч адамдын өлүмүнө алып келген жол кырсыгы үчүн суракка алынууда. Бүгүн Тажикстандын Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, ушул жумада Германиядан кайтып келген Расул Амонулло азыр Дүйшөмбү шаарындагы клиникада дарыланууда жана сурак берип жатат. Ал 9-октябрга караган түнү болгон кырсыкта колунан жаракат алган. Ал түнү жаштар машине жарыш уюштуруп, андагы кырсыкта үч адам өлгөн, үчөө жарадар болушкан.

“Тажик темир жолдору” ишканасынын жетекчиси Амонулло Хукумов – президент Эмомали Рахмондун тууганы. Ички иштер министрлигинин кабарында анын уулу Расул Амонулло “ошол кырсыкка катышкан” адам катары сүрөттөлөт жана машине жарыштын дагы бир катышуучусу суракка алынары айтылат.

XS
SM
MD
LG