Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Кумтөр келишими бузулса, “Центерра Голд” эл аралык сотко кайрылат


Бул тууралуу “Центерра Голд” компаниясынын президенти Ян Аткинсон “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Аткинсондун айтымында, Кумтөр кенин иштетүү боюнча кыргыз тарап менен тил табышууга аракет кылат. Бирок Жогорку Кеңеш келишимди денонсациялоо чечим кабыл алса, “Центерра Голд” эл аралык арбитражга кайрылат:

- Эгер кыргыз парламенти кайсы бир себептен улам келишимди денонсациялоо чечимин кабыл салса, биз 2009-жылдагы келишимде көрсөтүлгөндөй иш алпарабыз. Ага ылайык, биздин инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо үчүн эл аралык арбитражга кайрылабыз. Бирок, ошентсе да, биздин кылып жаткан ишибиз эки тарапка тең пайда алып келээрин бийликтегилер, депутаттар түшүнөт деп үмүттөнөбүз.

Бирок Аткинсон учурдагы 50\50 пайыздык ишкана түзүп, Кумтөр кенин иштетүү меморандуму акыркы сунуш экенин эскертүүдө. Анын айтымында, “Центерра Голд” андан төмөн үлүшкө эч качан макул болбойт. Жогорку Кеңеш көпчүлүк депутаттары болсо Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга чейин көбөйтүү сунушу менен чыгышууда. (BkA\GA)

XS
SM
MD
LG