Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Парламент Кумтөр боюнча меморандумду талкуулоону улантат


Бүгүн жыйында депутаттар Кумтөр кенин иштетүү боюнча чечим кабыл алышы керек. Өкмөт сунуштаган меморандумга ылайык, “Центерра Голд” менен бирдикте эки тарап 50 пайыздык теңме-тең үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп, Кумтөрдү иштетиши керек. Ага Кыргызстан жетекчилик кылат.

Буга чейин аталган меморандум үч ирет талкууланып, көпчүлүк депутаттар аны сындап чыккан эле. Депутаттар Кумтөрдөгү 50 пайыздык үлүшкө макул болбой, аны 67 пайызга чыгарууну талап кылышууда. Депутаттардын сынынан соң бул меморандумду кайрадан изилдеп чыгууга өкмөткө эки апталык мөөнөт берилген. Бул убакыт аралыганда өкмөт үч жумушчу топ түзүп, келишимди кайрадан карап чыкты.

Ал ортодо “Центерра Голд” компаниясынын президенти Ян Аткинсон 22-октябрда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, кендин мындан аркы тагдыры депутаттардын кабыл алган чечимине көз каранды экенин билдирди. (BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG