Бүгүн Ош облусунун топтоо пунктунда жүзгө жакын улан аскердик милдетин өтөө үчүн армияга жөнөп кетти. Аймактын бардык райондорунан жана Ош шаарынан топтолгон жигиттер Ички иштер министрлигинин Бишкектеги Ички аскердик бөлүктөрүндө кызмат өтөйт. Бул тууралуу Кара-Суу райондук комиссариатынын маалымдашты.
Учурда Кыргызстанда аскерге күзгү чакыруу жүрүп жатат. Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, быйыл жалпысынан 13 миң жоокер чакырылмакчы.
Кыргызстанда анык аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү бир жылды, альтернативдик негизде бир жарым жылды түзөт. (SE)