Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:46

Жети-Өгүздө митинг уланып жатат


Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылында ушул тапта митинг болуп жатат. Райондук администрациянын жанында өтүп жаткан акцияны Саруу айылынын жашоочулары уюштурган. Алар бүгүн өздөрү жашаган кыштактан райондун борборуна чейин жөө келишти.

Тынчтык митингине көз салып турган кабарчыбыздын айтымында, акцияда Кумтөр боюнча меморандумду жокко чыгаруу жана 7-октябрдагы митинг учурунда камалгандарды бошотуу талабы коюлууда. Райондун акими Дамир Моңолдоров акцияга 800дөн ашуун адам топтолгонун "Азаттыкка" кабарлады. Уюштуруучулар элдин саны миңден ашуун экенин айтууда. Окуяга милиция байкоо салып турат.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. (SE\MK)

XS
SM
MD
LG