Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:02

Жогорку Кеңеште “Кумтөр” меморандуму жактырылган жок


“Кумтөр” боюнча өкмөт сунуштаган меморандумга Жогорку Кеңеште бүгүн депутаттар макул болгон жок. 23-декабрга чейин өкмөткө “Кумтөр” меморандумунда Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга көтөрүү шарттарын кароо сунушу айтылды. Эгер үлүш талап кылынган чекке жетпесе, кыргыз тарап денонсацияга барат.

Өкмөт сунуштаган азыркы меморандумга ылайык, “Центерра Голд” менен бирдикте эки тарап 50 пайыздык теңме-тең үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп, Кумтөрдү иштетиши керек. Ага Кыргызстан жетекчилик кылат. Депутаттар "Кумтөрдөгү" 50 пайыздык үлүшкө макул болбой, аны 67 пайызга чыгарууну талап кылышууда.

“Центерра Голд” компаниясынын президенти Ян Аткинсон 22-октябрда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, кендин мындан кийинки тагдыры депутаттардын кабыл алган чечимине көз каранды экенин билдирген.

Парламентте бир айга жакын убакыттан бери “Кумтөр” меморандуму талкууланып келатат. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG