Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Мигранттардын Орусияда калышын чектөө сунушталды


Федералдык миграция кызматы КМШ жарандарынын Орусияда жашоо мөөнөтү боюнча жаңы системаны сунуш этти.

Кызматтын жетекчиси Константин Ромодановскийдин айтымында, жаңы эреже боюнча КМШ жарандары Орусияда 90 күн тургандан кийин дагы 90 күн кайтып келе албай турган болуш керек. Азыр алар 90 күн өткөндөн кийин өлкөдөн чыгып, бир күндөн кийин кайра кайтып келе алышат.

Ромодановский мындай шарттар иш берүүчүлөргө мигранттарды мыйзамсыз ишке алууга мүмкүнчүлүк түзүп жатат деп эсептейт. Ал ошондой эле мигранттарды мыйзамсыз ишке алгандардын жазасын күчөтүүнү сунуш этти.

Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, Орусияда 11 миллиондой чет элдик жашаса, алардын басымдуу бөлүгү Украина, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандан.

Кыргыз өкмөтү Орусия менен кыргыз мигранттары үчүн артыкчылыктуу келишимдерди түзө алган.

XS
SM
MD
LG