Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Apple жаңы жука такта чыгарды


АКШнын компьютер жасоочу дөө-шаасы болгон "Эпл" компаниясы Айпад такта компьютеринин жаңы версиясын чыгарды.

IPad Air деп аталган жаңы такта мурдагысынан төрттөн бирине жеңил келип, салмагы 450 грамм. Дептердей болгон Айпад көтөрүп жүргөнгө жеңил, бирок кадимки компьютерге караганда функциялары чектелүү. Мисалы, USB колдоно албайсыз. Бирок экраны өтө тунук келип, видеону жакшы көрсөтөт.

Компания мындан жеңил толук көлөмдөгү такта базарда жок экендигин айтууда. Такта компьютерлер категориясына Apple 2010-жыл Айпад менен кошулган эле.

IPad Air сатыккка АКШда 1-ноябрдан баштап, 499 доллардан чыга баштайт. Чет өлкөлөрдө мындай товарлар адатта кийинчерээк жана бир топ кымбатка сатылат.

XS
SM
MD
LG