Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Тажикстанда шайлоо өкүлү эл аралык уюмдун сынын четке какты


Тажикстанда Борбордук шайлоо комиссиясы укук коргоочулардын сынын четке какты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси "Хюман Райтс Уотчтун" президенттик шайлоого даярдык боюнча сын пикирин четке какты. Абдыманнон Додоев "Азаттыкка" уюмдун дүйшөмбүдөгү билдирүүсүн "негизсиз" деп мүнөздөдү.

Билдирүүдө "тажик өкмөтү саясий оппозицияны куугунтуктап, акыйкат жана атаандаш шайлоого шарт түзө алган жок" деп айтылган эле.

Додоевдин сөзү боюнча, шайлоого даярдык өлкөнүн мыйзамдарына жана эрежелерине жараша жүрүп жатат. Ал ошондой эле "Тажикстандагы абал талапкерлерди атып кетип жатышкан Ооганстандагы абалга караганда алда-канча түзүк" деди.

"Хюман Райтс Уотч" оппозициянын бирдиктүү талапкери каттоодон өтө албагандыгын да сынга алган эле. 6-ноябрдагы шайлоого алты талапкер каттоодон өткөн.

XS
SM
MD
LG