Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Пакистан: 6 жаштагы кыздын күйөөгө берилиши боюнча 5 киши кармалды


Пакистандын түндүк-батышындагы Сват ооданында алты жаштагы кыздын күйөөгө берилишине тиешеси болгон беш киши камакка алынды.

Полиция Дауд Хан "Азаттыкка" алыскы Базквела айылында кызды 16 жаштагы балага үйлөндүрүүгө эки үй-бүлөнүн катышы болгонун, полиция күйөө баланын өзүн, анын атасын, нике кыйган молдону жана никеге күбө түшкөн эки кишини камакка алганын билдирди.

Кыздын качып кеткен атасы издөөдө.

Пакистанда кыздар 16 жашында турмуш кура алат. Бирок айыл жерлеринде эрезеге жете элек кыздарды күйөөгө берген учурлар катардагы көрүнүш.

XS
SM
MD
LG