Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Москвада Айтматовдун эстелиги ачылат


Эстелик залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгынын урматына Орусиянын жана Кыргызстандын маданият министрликтеринин колдоосу жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин демилгеси астында орнотулду. Анын 24-октябрга белгиленген ачылышына Кыргызстандан Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев баштаган делегация келе жатат. Делегациянын курамында Болот Шамшиев, Казат Акматов, Абдылдажан Акматалиев баштаган айтматов таануучу адабий, маданий ишмерлер, маркумдун карындашы Роза Айтматова бар.

24-28-октябрга белгиленген залкарды эскерүү күндөрүнүн алкагында Москва жана Казань шаарларында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференциялар, адабий, маданий чөйрөнүн өкүлдөрү, окурмандар менен жолугушуулар болот. Бул тууралуу элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева "Азаттыкка" билдирди.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы туулуп, 2008-жылы оорудан көз жумган. (SE)

XS
SM
MD
LG