Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

"Центерра Голддун" акциялары арзандады


Нью-Йорк фондулук биржасы, АКШ, 21.06.2013
Нью-Йорк фондулук биржасы, АКШ, 21.06.2013
Жогорку Кеңеш өкмөткө Кумтөрдөгү үлүштү көбөйтүүнү сунуштап, Канаданын "Центерра Голд" компаниясы менен 23-декабрга чейин сүйлөшүүнү аягына чыгарууну тапшырды.

Кыргыз парламентинин токтому "Центерра Голддун" акцияларынын баасына терс таасирин тийгизди. Торонто фондулук биржасында акциялардын баасы 5 канада доллары 34 центтен (C$5.34) бир күндө 3 канада доллары 96 центке (C$3.96) түштү. Акциялардын бир күндө бир доллардан ашуун төмөндөөсү – кескин арзандоо болуп саналат.

Торонто убактысы боюнча 23-октябрда саат 16:00 (Бишкек 02:00, 24-октябрь) биржада соода токтойт. Биржа жабылаарда акциялардын баалары кайра бир аз көтөрүлүп, 4 канада доллары 10 центти (C$4.10) түздү. Биржа Бишкек убактысы боюнча 19:30 ачылат.

"Центерра Голддун" акцияларынын акыркы жылдагы эң төмөн көрсөткүчү июлда 3 канада долларына (C$3.00) түшкөн. Эң бийик көрсөткүч былтыр ноябрда 11 канада доллары 64 центке (C$11.64) көтөрүлгөн. Бир канада доллары – 47 сом 22 тыйын. (BAz)

XS
SM
MD
LG