Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

АКШ жана Пакистан терроризмге биргелишип күрөшөт


АКШ президенти Барак Обама терроризм менен күрөшүүдө Кошмо Штаттар жана Пакистан биргелешип аракет көрөөрүн билдирди. Бул тууралуу Обама Вашингтондо Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф менен жолугушуудан соң айтып чыкты. Шариф болсо Кошмо Штаттардын президентинен эки өлкө мамилесинде чыңалуу жараткан Пакистандын аймагында АКШнын пилотсуз учактарынын чабуулдарын токтотууну суранганын жарыялады. Өз сөзүндө Обама пилотсуз учактар тууралуу эскертпегени менен эки өлкөнүн мамилеси эгемендүүлүк жана аймактык бүтүндүктү сактоого, урматтоого негизделгенин белгиледи.

Ошондой эле ал акыркы 10 жыл ичинде 40 миңден ашык пакистандык жаран террордук чабуулдар кесепетинен каза тапканын эске салды.

АКШ менен Пакистан жетекчилеринин бул жолку жолугушуусу эки өлкө мамилелеринин жанданышы катары сыпатталууда. Акыркы эки жылда бул эки мамлекеттин мамилеси сууп кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG