Орус бийликтери деңизде мунай өндүрүүгө каршы чыккан “Гринпис” уюмунун активисттеринен деңиз каракчылыгы боюнча айыпты алып салды. Орусиялык маалымат агенттиктери Тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркинге шилтеме берип, 30 активистке “деңиз каракчылыгы” боюнча айып “бейбаштык” беренесине алмаштырылганын жазып чыкты. Бул берене активисттерге мурдагыга караганда жеңилирээк жаза алууга шарт түзөт. Эгер активисттер деңиз каракчылыгы деген айып боюнча күнөөлүү деп табылса, 15 жылга чейин эркинен ажыратылмак. Мындай айыпты бир катар эл аралык укук коргоочу уюмдар сындап, “ашыкча оор” деп сыпаттаган эле. “Гринпистин” Орусиядагы өкүлчүлүгүн жетекчиси Иван Блоков уюм мүчөлөрүнөн бардык айыптар алынышы керек болчу деген пикирин билдирди.
“Гринпистин” 28 мүчөсү жана 2 журналистти 19-сентябрда Арктикада мунай өндүрүүгө каршы акция өткөрүп жаткан кезде орус чек арачылары Печорск деңизинде кармап кетишкен. Алардын төртөө орусиялык, калгандары болсо Бразилия, Британия, Финляндия жана Швециянын жарандары.