Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Бишкекте жаңы туулган ымыркайдын сөөгү табылды


Ленин районунун Чапаев көчөсүндөгү таштанды кутуларынын ичинен ымыркайдын жансыз денеси чыкты. Киндиги жаңы эле кесилген кызды таштанды ташуучулар 24-октябрь күнү эртең менен тапкан. Ага памперс кийгизип, желим баштыкка салып таштап кетишкен. Шаардык милициянын текшерүүсүнө ылайык, бөбөк сууктан өлгөнү аныкталган. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды. (SE)

XS
SM
MD
LG