Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Атамбаев КМШ өлкө башчыларынын саммитине барбады


Беларуста 25-октябрда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын саммитине Алмазбек Атамбаев барган жок. Президенттин чечими менен саммитке биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнөн билдиришти.

Саммитте мамлекеттер аралык экономикалык кызматташуу маселелери талкууланат.

Ал арада Беларус президенти Лукашенко Кыргызстанга тарыхтын жаңы барагын ачууну сунуштады. Анын пикиринде, эки тараптуу мамилени жандантууда КМШ өлкө башчыларынын саммити түрткү болот. Лукашенко Беларус Кыргызстан менен айыл чарба жана унаа иштеп чыгаруу жаатында кызматташа алат деген ойдо.

2010-жылдагы апрель окуясында ошол кездеги өлкө башчы Курманбек Бакиев Беларуска качып, Минсктен башпаанек тапкан. (SE)

XS
SM
MD
LG