Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Саиповдун өлтүрүлгөнүнө алты жыл болду


2007-жылдын 24-октябрында Ошто журналист Алишер Саиповду белгисиз кишилер атып кеткен эле. Азыркыга чейин анын өлүмүнүн бети ачыла элек.

Ош шаарында ошол кезде өзбек тилинде чыгып турган “Сиёсат” (Саясат) гезитинин редактору Алишер Саиповдун киши колдуу болушу кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу экени айтылып келет.

Журналисттин өмүрү 26 жашында кыйылып, артында наристе кызы менен жубайы калган. Маркумдун ысымы Вашингтондогу "Ньюс Музеймдин" дүйнө жүзүндө кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү тактасына жазылган. (SE)

XS
SM
MD
LG