Беларуста эки жолу мас абалында кармалган айдоочу автомобилинен айрылат. 24-октябрда күчүнө кирген мыйзамды Беларус парламенти июнда кабыл алган. Жаңы мыйзамга ылайык, мас айдоочу машиненин ээси болбосо да, автомобилди өкмөт конфискация кылат. Бул мыйзам уурдалган машинелер үчүн колдонулбайт. Мас болуп, мыйзам бузган айдоочулардан тартып алынган машинелер сатылып, акчасы казынага түшөт же мас айдоочулардан жабыркаган адамдарга төлөнөт. Жаңы мыйзам Беларуста жашаган же эмгектенген чет өлкөлүк жарандарга да тиешелүү.