Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Өмүрбек Абдырахманов Беларус өлкөсү менен саясий мамилени токтотууга чакырды. Депутат бул пикирин Беларус бийлиги Бакиевди кайтарып берүү тууралуу Кыргызстандын кайрылуусун кулак сыртынан кетиргени менен негиздеди. Абдырахманов аталган өлкө менен азырынча экономикалык жактан гана кызматташып, саясий мамилени токтотуп туруу керек деген ойдо.
Беларус президенти Лукашенко 23-октябрда маалымат жыйын куруп, Кыргызстанга тарыхтын жаңы барагын ачууну сунуштаган. Анын пикиринде, эки тараптуу мамилени жандантууда КМШ өлкө башчыларынын саммити түрткү болот. Лукашенко Беларус Кыргызстан менен айыл чарба жана унаа иштеп чыгаруу жаатында кызматташа алат деген ойдо.
Минскте 25-октябрда болчу КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын саммитине кыргыз президенти Атамбаев катышпай турганын айтты. Ордуна биринчи вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев кетти.
2010-жылдагы апрель окуясында ошол кездеги өлкө башчы Курманбек Бакиев Беларуска качып, Минсктен башпаанек тапкан. (SE)