Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:41

Ак Үй Обама менен Меркелге кепилдик бергенин билдирди


Канцлер Ангела Меркелдин телефон сүйлөшүүлөрүн Вашингтон тыңшаган деген маалыматка байланыштуу АКШ элчиси түшүндүрмө берет. Германия өкмөтүнүн атын атабаган өкүлүнүн айтышынча, Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле бүгүн АКШнын Берлиндеги элчиси Жон Эмерсон менен кездешет.

Түшүндүрмө талап кылуу эки союздаш ортосундагы чанда болчу окуя.

Бул маселе тууралуу шаршемби күнү АКШ жана Германия лидерлери телефондон баарлашкан. Анын мазмуну жөнүндө Ак Үйдүн өкүлү Жон Карней кабарчыларга мындай деди:

- Президент Обама жана канцлер Меркел АКШнын улуттук коопсуздук чалгындоо кызматы Германия канцлеринин сөзүн уккан деген шектенүү жөнүндө телефондон сүйлөштү. Кошмо Штаттар канцлердин сүйлөшүүлөрүн укпаган жана укпайт деп президент канцлерге кепилдик бергенин мен силерге айта алам. Кошмо Штаттар Германия менен тыкыс кызматташууну аябай баалайт.

Ал эми Германия өкмөтүнүн өкүлү Штефан Сайберттин билдиришинче, Меркел “эгер берегидей жосун далилденсе, өз ара ишенимге чоң жарака салат” деген Барак Обамага. АКШнын улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Кошмо Штаттардын өкмөтү сырт өлкөлөрдөгү телефон жана интернет сүйлөшүүлөрдү чогултканы тууралуу жашыруун маалыматтарды жарыя кылып жиберген.

XS
SM
MD
LG