Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:29

Хусейни: Иран уранды 20 процентке байытканды токтотту


Иран уранды 20 процентке чейин байытууну токтотту жана Тегерандагы ядролук эксперименталдык реакторго жетерлик уранга ээ. Бул жөнүндө Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин төрага орун басары Хусейн Накави Хусейни парламент сайтында бүгүн жазды.

Тегерандагы реактор медициналык изотопторду өндүрүүгө ылайыкташтырылган. Бирок АКШ жана Батыш өлкөлөрү Иран уранды ядролук бомба жасоо үчүн байытууда деп ойлошот.

Хусейни ошондой эле Иран тыш өлкөлөр жөнсүз кооптонбошу үчүн 20 процентке байытылган бардык уранды реакторго керектелчү отунга айлантууга даяр экенин билдирет. Бул боюнча Иран өкмөтү билдирүү жасай элек. Иранга уранды 20 процентке байытууну токтотуу жакында Женевада болгон эл аралык сүйлөшүүдө сунуш кылынган.

XS
SM
MD
LG