Нарын шаарында бүгүн "Таза, жашыл шаар" акциясы болду. Иш-чара шаардын батыш тарабынан Жамин Акималиев эс алуу багына чейин 50 чамалуу жаштардын вело жүрүшү менен башталды.
Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосунда өткөн акциянын алкагында эс алуу багына 20 балаты, 20 арча отургузулду. Иш-чарага шаардык мэрияда, бейөкмөт уюмдарда иштеген адистер жана Нарын мамлекеттик университетинде экология тармагы боюнча окуп жаткан студенттер катышты. (TSh)