Москва шаарындагы Чет элдик адабият китепканасынын алдында Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылды. Атактуу кыргыз жазуучусунун айкелинин ачылышына Кыргыз Республикасынын маданият министри С. Раев, Эл жазуучусу Казат Акматов, таанымал режиссер Болот Шамшиев, жазуучунун карындашы Роза Айтматова, Орусия жана КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү катышты.
Эстеликтин автору - Орусия Федерациясынын Эл сүрөтчүсү Георгий Франгулян. Ага каражатты кыргыз өкмөтү, Айтматовдун күйөрмандары, чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар которгон.
Орусиянын ордо шаарында "Айтматовдун дүйнө таанымы" аттуу илимий конференция жана сүрөт көргөзмөсү да болууда.
Айтматовду эскерген маданий иш-чаралар 25-26-октябрь күндөрү Москвада жана Татарстанда уланат.
Бүгүн эле Кыргызстандын Орусиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Болот Жунусов жана Орус-Кыргыз ишкерлер кенешинин жетекчиси Иван Поляков Чынгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагын орус тилинде басып чыгаруу тууралуу меморандумга кол коюшту.