Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:38

Лара Фабиан Өзбекстанда ырдагандан баш тартты


Белгиялык-италиялык ырчы Лара Фабиан Өзбекстанда болчу концертинен баш тартты. Ырчы Фейсбукка жарыялаган катында адам укуктарын орой бузган, анын ичинде адамдарды кыйноолор кеңири жайылган өлкөнүн бийлиги аны “көшөгө” катары колдонгулары келгенин билип таң калган.

Фабияндын айтымында, ал Ташкендеги маданий фестивалды президент Каримовдун кызы Гүлнара Каримова уюштурганын билер замат концертке катышуудан баш тарткан.

43 жаштагы ырчы ошондой эле авторитардык өлкөлөрдө ырдоо менен адам укугун бузуучулар уюштурган концертке катышуунун ортосунда чоң айырма бар деп, адам укугун тепсеген өлкөлөрдү эч качан колдобосун баса белгиледи.

Гүлнара Каримова 2006-жылдан бери өткөрүп жүргөн фестивалда Лара Фабиан 27-октябрда ырдамак.

XS
SM
MD
LG