Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Бишкекте бүгүндөн тарта жылуулук берилет


Кыргызстанда кескин суук түшөт деген кабардан кийин Бишкекке бүгүндөн баштап жылуулук берилмек болду. Мындай буйрука Бишкек мэри Иса Өмүркулов бейшембиде кол койду. Иса Өмүркуловдун «Азаттыкка» кабарлашынча, учурда шаардагы жылуулук кызматтары кышка толугу менен даяр. Бишкек жылуулук борборуна керектелчү көмүр ташылып келди. Адегенде жылуулук мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйлөрүнө жана башка социалдык мекемелерге берилет. Андан кийин турак үйлөргө жана ишканаларга өткөрүлөт.

Шаар башчысы калаа тургундарын быйыл электр жарыгы менен камсыз кылууда маселе жаралбайт деп ишендирүүдө. Буга чейинки жылдарда шаардын айрым райондорунда кыш айларында электр жарыгын өчүрүүлөр катталган эле. Буга чейин жылуулук сезону 1-ноябрдан тарта башталаары айтылган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG