Тажикстандын атайын кызматынын чек ара аскерлери Лейлектеги "Катта-Туз" мунай ишканасын кайра иштетүү талабы менен аталган аймакка кирип алганын “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева билдирди.
Анын айтымында “Катта-Туз” мунай ишканасы жайгашкан аймакка коңшу өлкөнүн аскерлери 24-октбярда келген. Кыргыз тарап алардын бул кадамы мыйзамсыз экенин айтып, ашыкча аракеттерди көрбөөгө чакырган. Чек ара кызматы маалымдагандай, учурда аймактагы “Достук” чек ара бекетинде абал чыңалып турат. Лейлек районундагы чек ара отряды учурда күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Кыргыз тарап Тажикстандын чек ара кызматына юридикалык документтер такталмайын "Катта-Туз" мунай ишканасында ашыкча аракеттерди жасабоо боюнча кат жолдоду.
Лейлектин Арка аймагында 40 жылга жакын аралыктан бери Тажикстан иштетип келген 20 гектарга чукул аймак июнь айынын соңунда кыргыз чек арачылары тарабынан бошотулган эле. Кыргыз тарап бул аймак толугу менен Кыргызстандын ичинде тураарын, чек ара талашы жоктугун билдирген. (SE)