Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Анкарадагы көчөгө Айтматовдун ысымы берилет


Түркиянын баш калаасы Анкаранын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анкара мэриясына шаардын көчөлөрүнүн бирине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу өтүнүчү менен кайрылган. Шаардык кеңеш сунушту колдоп бергенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Айтматовдун ысымы Түркиянын Кайсери, Кожаэли, Элазыг жана Гебзе шаарларындагы сейил бактарына, Измир облусунун Урла шаарындагы лицейге берилген. 2012-жылы Йозгат шаарына Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулган.

Эки күндөн бери Орусиянын Москва жана Казань шаарларында Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө. Москвадагы Чет элдик адабияттар китепканасынын алдына жазуучунун айкели орнотулду.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы туулган, 2008-жылы оорудан улам каза болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG