Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Тажик аскерлери Катта-Туздан чыгарылат


Баткендеги Катта-Туз мунай бургулоо жайына кирип алган тажикстандык аскерлер чыгарылат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Чек ара аскерлигинин жетекчиси Шерали Мирзо Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтты. Аскерлер бүгүндөн тарта чыгып кетээрин чек ар кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашты. Сүйлөшүү бүгүн түшкө жуук жүргүзүлдү.

Тараптар такталбаган бул тилкени пайдалануу боюнча чечимди мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссия кабыл алышы керек деген бүтүмгө келишти.

Тажикстандын атайын кызматынын чек ара аскерлери Лейлектеги "Катта-Туз" мунай ишканасын кайра иштетүү талабы менен 24-октябрь күнүн аталган аймакка кирип келген. Чек ара кызматы маалымдагандай, кечээтен бери аймактагы “Достук” чек ара бекетинде абал чыңалып турган. Лейлек районундагы чек ара отряды учурда күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Лейлек районунун Арка аймагында 40 жылга жакын аралыктан бери Тажикстан иштетип келген 20 гектарга чукул аймак июнь айынын соңунда кыргыз чек арачылары тарабынан бошотулган эле. Кыргыз тарап бул аймак толугу менен Кыргызстандын ичинде тураарын, чек ара талашы жоктугун билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG