Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:19

Бишкекте мыкты айдоочулар аныкталды


Бишкек шаарындагы коомдук унаалардын мыкты үч айдоочусу аныкталды. Сынакты “Бир бол” жана “Ариет” аттуу демилгечи топтор уюштурган.

Мыкты айдоочуларды жүргүнчүлөр СМС добуш берүү аркылуу тандады. Эки жума мурун калаадагы коомдук унааларга сынактын шарттары жана добуш берүүнүн эрежеси жазылган жарыялар илинген болчу.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында:

“Эң мыкты автобус айдоочусу” наамына Мирбек Өмүркулов,
“Эң мыкты троллейбус айдоочусу” наамына Ирина Кирий,
“Эң мыкты маршруттук унаа айдоочусу” наамына Александр Петрунин ылайыктуу деп табылды.

Аларга бүгүн атайын статуэтка, диплом жана 5000 сомдон акчалай сыйлык Шаардык транспорт башкармалыгында тапшырылды. (SE)

XS
SM
MD
LG