Панфилов районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен 56 жаштагы жаран кармалды. Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 24-октябрда милициянын ыкчам тобу шектүүнүн Чалдывар айылындагы үйүн тинтүүгө алган. Бөлмөлөрдүн биринен 16 калибрлүү 30 даана ок жана маңзат табылып, ал экспертизага берилген. Кармалган жаран кылмыш дүйнөсүндөгү кайсыл төбөлдүн мүчөсү экени айтылган жок.
ИИМ быйыл быйыл жыл башынан бери кылмыштуу топтордун жүзгө жакын мүчөсү колго түшкөнүн билдирген. (SE)
ИИМ быйыл быйыл жыл башынан бери кылмыштуу топтордун жүзгө жакын мүчөсү колго түшкөнүн билдирген. (SE)