Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

УКМК: Жумабаев күбө катары чакырылган


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы Кенжебек Жумабаев боюнча комментарий берди. Атайын кызматтын билдирүүсүндө Жумабаев Караколдогу окуяларга байланыштуу 24-октябрда күбө катары чакырылганы, сурак бүткөндөн соң ошол эле күнү бошотулганы жазылат.

Жумабаевдин адвокаты Шарабидин Токтосунов ал бүгүн бошотулганын "Азаттыкка" айтты.

7-октябрдагы Караколдогу башаламандык боюнча активист Кеңешбек Жумабаевди бейшемби күнү эртең менен УКМК өкүлдөрү үйүнөн алып кеткени кабарланган болчу.

Жумабаев акыркы учурда оппозициячыл маанайдагы “Жаңы ордо” жана “Азат” гезиттеринде кабарчы катары иштеп жүргөн. 7-октябрда Караколдогу Кумтөр меморандумуна каршы митингге активдүү катышкан. Андан сырткары, “Ата-Журт” партиясынын мүчөсү Садыр Жапаров камалган учурда аны коргоо комитетинин башчысы катары нааразылык акцияларын уюштуруп жүргөн эле. (SE)

XS
SM
MD
LG