Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Чүйдө мектеп окуучулары ууланды


Бүгүн Вознесеновка айылындагы орто мектептин 25 окуучусу тамактан ууланып, ооруканага жаткырылган. Алардын арасынан ден соолугу дурус делгендери кечке жуук үйгө чыгарылаарын "Азаттыкка" Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов билдирди.

Балдарды дарыгерлерге ата-энелери алып келген. Учурда аларга райондук жалпы дарыгерлик-практикалык борборунда медициналык текшерүү жүргүзүлүүдө.

Уулануунун себептери дарыгерлер тобу тарабынан текшерилип жатат. Окуяга байланыштуу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев чукул жыйын чакырып, иш дыкат иликтенерин айтты жана бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоону ички иштер министрине тапшырды. (SE)

XS
SM
MD
LG