Баткендеги Катта-Туз мунай бургулоо аймагынан Тажикстандын аскерлери жума күнү кечинде толугу менен чыгып кетти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 25-октябрда эки өлкөнүн чек ара жетекчилери сүйлөшүп, аскерлерди чыгаруу боюнча макулдашты. Ошондой эле тараптар чек арадагы бул тилкени пайдалануу боюнча чечимди өкмөттөр аралык комиссия кабыл алышы керек деген бүтүмгө келишти.
Тажикстандын атайын кызматынын чек ара аскерлери Лейлектеги "Катта-Туз" мунай ишканасын кайра иштетүү талабы менен 24-октябрь күнүн аталган аймакка кирип алган. Андан соң кыргызстандык чек арачыларга кошумча күч тартылып, бейшембиден бери аймактагы “Достук” чек ара бекетинде абал чыңалып турган. Бул окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нааразылык нотасын жиберди.
Лейлектин Арка аймагында 40 жылга жакын аралыктан бери Тажикстан иштетип келген 20 гектарга чукул аймак июнь айынын соңунда кыргыз чек арачылары тарабынан бошотулган эле. Кыргыз тарап бул аймак толугу менен Кыргызстандын ичинде тураарын, чек ара талашы жоктугун билдирген. (BkA\JsA)