Иран менен Пакистандын чек арасында ирандык 17 чек арачы окко учту, 5 жоокер жарадар болду. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалыматы агенттиги – ИРНА кабарлады. Ага ылайык, чек арачылар Систан-Балучистан чөлкөмүнүн Сараван районунда жума күнү кечинде “куралчан бандиттер” менен кармашта набыт кетишти.
ИРНА ал топ Иранга Пакистан тараптан кирип келгенин жазат. Алар маңаткезчилери же козголоңчуларбы белгисиз. Азербайжандын Trend.az кабар агенттиги ИРНАдагы булакка таянып, 4 чек арачыны туткундап кетишкенин, топ Иран режимине каршы күрөшкөн козголоңчулар болгонун жазат.