Обама администрациясы мыйзам чыгаруучуларды Иранга каршы жаңы санкцияларды азырынча киргизбөөгө үндөдү.
Мамлекеттик департамент Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөргө мүмкүнчүлүк берүү үчүн конгрессмендер санкциялар жаатында “танапис” алышат деген үмүтүн ортого салды.
Департаменттин маалымат катчысы Йен Псаки мыйзам чыгаруучуларды дипломаттарга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырып, Конгресс сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, Ислам жумуриятына каршы санкция киргизе алат деп белгиледи.
Тегерандын атомдук програмамсы боюнча сүйлөшүүлөрдүн эмки айлампасы 7-8-ноябрь күндөрү Женевада өтмөкчү. Ага Ирандан башка 6 держава – АКШ, Британия, Кытай, Франция, Германия жана Орусия катышууда. Тегеран ядролук курал жасоого аракеттенип жатат деген Батыштын айыптоолорун четке кагып келатат.