Кошмо Штаттары тыңчылык ишине байланыштуу өнөктөштөрү менен мамилелер "чыңалганын" моюнга алды. Бир нече күн мурун маалымат каражаттары америкалык чалгындоо кызматтары Германиянын канцлери Ангела Меркелдин, франциялык ишкерлер менен саясатчылардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшап турганын, бир катар өлкөлөрдө тыңчылык кылганын жазышкан.
Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Йен Псаки жашыруун маалыматтардын ачыкка чыгышы айрым өнөктөштөр менен мамилелердин чыңалышына алып келгени түшүнүктүү деп билдирди. Анын айтымында, Германия жана башка шериктер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Келээрки апталарда Вашингтондо Германиянын чалгындоо мекемесинин расмий адамдары менен жолугушуу болмокчу. Европа биримдигинин лидерлери жума күнү жасаган билдирүүсүндө Вашингтонго ишеним жоголсо, чалгындоо чөйрөсүндөгү кызматташтыкка көлөкө түшүп, терроризмге каршы күрөштү алсыратышы мүмкүн деп эскертишти.