Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Иосиф Броз Титонун жесири жайына берилди


Югославиянын мурдагы жетекчиси Иосиф Броз Титонун жесирин акыркы сапарга аскердик ызат көрсөтүү менен узатышты. Анын сөөгү күйөөсүнүн жанына Белграддагы мавозолейге коюлду.

Йованка Броз өткөн жекшембиде 88 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган. Йованка Экинчи дүйнөлүк согуш жүрүп жаткан кезде югославиялык партизандарга кошулуп, 17 жашында коммунисттик лидер менен таанышат. Алар 1952-жылы баш кошушкан.

Акыркы 30 жыл бою бир кездери Югославиянын эң кубаттуу адамынын жесири Белграддагы батирде жалгыз жана жакырчылыкта жашады.

XS
SM
MD
LG