Иранда 14 чек арачынын өмүрүн алып кеткен чабуулга жооп иретинде 16 "козголоңчуну" дарга асышты. Пакистан менен чек арага жакын жерде болгон кечээги күнкү ок атышууда ошондой эле 5 киши жараат алган.
Систан-Балучистан чөлкөмүнүн башкы прокурору Мохамад Маризехтин айтымында, Занедан түрмөсүндөгү 16 козголоңчу бүгүн эртең менен дарга асылды. “Карапайым адамдарга же коопсуздук күчтөрүнө каршы кол салуулар жоопсуз калбасын эскертебиз”, – деди прокурор.
Чек арадагы окуяга ошол козголоңчулардын тиешеси бар-жогун ал тактаган жок. Ички иштер министринин орун басары Али Абдоллахи жоокерлер буктурмага кабылганын, үчөө туткундалып, Пакистанга алынып кеткенин билдирди. Буга чейин 17 чек арачынын окко учканы маалымдалган.