Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Ууланган окуучулар ооруканадан чыкты


Панфилов районундагы Вознесеновка айылынын тамактан ууланган окуучулары ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 24 окуучу райондук ооруканадан кечээ чыгарылды. Бир окуучу башка дартынан дарыланууда.

25-октябрда кенже класстын 25 окуучусу тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Окуучулардын ууланышына эмне себеп болгону такталууда. Мектептеги таттуу токочтон деген божомолдор бар.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бул окуяны териштирип, кылмыш ишин козгоо маселесин кароону Ички иштер министрлигине тапшырган. Министрликтен окуя иликтенип жатканын билдиришти. (AKu)

XS
SM
MD
LG