Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Грузияда жаңы президентти шайлашууда


Грузияда президенттик шайлоо өтүп жатат. 3 жарым миллиондой шайлоочу өлкөнү акыркы 10 жыл башкарган Михаил Саакашвилинин ордун баса турган кишини тандашууда.

Сурамжылоолорго караганда, бийликтеги “Грузия кыялы” коалициясынын талапкери Гиорги Маргвелашвили алдыга озуп чыгышы мүмкүн. Аны менен катар Саакашвилинин кыймылы атынан чыккан Давид Бакрадзе, мурдагы спикер Нино Буржанадзе ат салышууда. Бардыгы болуп бюллетендерге 23 кишинин аты киргизилген.

Биринчи айлампада жеңиш үчүн талапкерлердин бири 50 проценттен көп добуш алууга тийиш. Премьер-министр Бидзина Иванишвили жаңы президент шайлангандан кийин кызматынан кетүүгө убада берген.

XS
SM
MD
LG