Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Меркелдин телефонун 2002-жылдан бери тыңшашкан болушу мүмкүн


АКШнын чалгындоо кызматтары немис канцлери Ангела Меркелдин чөнтөк телефонун 2002-жылдан бери угуп турган болушу мүмкүн. Бул тууралуу кабарлаган германиялык Der Spiegel журналы президент Барак Обама муну билсем, дароо токтоттурмакмын деп Меркелге айтканын жазат.

2010-жылкы документке таянып жазылган макалада АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө 80дей тыңчылык борборун кармап келгени айтылат. Андай борборлор Берлин, Париж, Мадрид жана Прагада жайгашкан.

Жаңы маалымат германиялык чалгындоо кызматынын делегациясы АКШга барууга даярданып жаткан учурда жарыяланды. Кечээ Вашингтондо миңдеген киши америкалык көзөмөл программасына каршылыгын билдирип, демонстрацияга чыгышты. АКШ чалгынчыларынын операциялары жөнүндө жашыруун маалыматтарды Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден шардана кылган.

XS
SM
MD
LG