Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Москва мэриясы Орус маршына уруксат бере элек

Москва шаарынын мэриясы 4-ноябрда Люблино районунда Орус маршын өткөрүүгө расмий уруксат бере элек. Бул тууралуу бүгүн “Русские” кыймылынын лидери Дмитрий Демушкин билдирди. Анын айтымында, дүйшөмбүдө кыймыл уруксат алат деп күтүлүүдө. Демушкин 3 күн мурун шаар бийлиги акцияга жана үгүт иштерине оозеки уруксат бергенин кошумчалады.

Буга чейин мэрия улутчулдарга Москванын борборунда акция өткөрүүгө уруксат бербей койгон.
​
XS
SM
MD
LG