Канадалык алтын өндүргөн "Центерра Голд" компаниясынын акцияларынын баасы өткөн аптада туруксуз болуп, жуманы арзандоо менен аяктады. Бир тараптуу денонсация коркунучу баалуу үлүш кагаздарынын наркы түшкөнүнүн негизги себеби деп трейдерлер белгилешти.
Жыл башынан бери "Центерранын" баалуу үлүш кагаздарынын баасы 56% төмөндөдү.
Өткөн жумада Торонтодо жүгүртүлгөн акциялар сооданы 4 канада доллары 89 цент (C$4.89) көрсөткүчүндө баштаган. Ал эми 22-октябрда баалуу кагаздардын куну жогорулап, бир акциянын баасы 5 канада доллары 35 центке (C$5.35) көтөрүлгөн.
23-октябрда Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтүнө "Кумтөрдөгү" үлүштү көбөйтүүнү сунуштап, Канаданын алтын кенди иштеткен компания менен 23-декабрга чейин сүйлөшүүнү аягына чыгарууну тапшыргандан кийин бир акциянын баасы кескин түрдө 1 канада доллары 69 центке (C$1.69) түшүп кеткен.
Торонто фондулук биржасында акциялардын баасы 5 канада доллары 35 центтен (C$5.35) бир күндө 3 канада доллары 66 центке (C$3.66) түшүп кеткен. Бул акыркы 15 айдагы эң төмөн көрсөткүч болуп, акция баалары 24 саатта 23% арзандаган.
Акциялардын бир күндө бир доллардан көп түшүүсү кескин арзандоо болуп саналат. 23-октябрда кыргыз парламентинин отуруму убагында акцияларды сатуу убактылуу токтотулган.
"Центерра Голддун" акциялары 24-октябрдагы сооданы көтөрүлүү менен баштаганы менен жума соңунда 4 канада доллары 20 цент (C$4.20) көрсөткүчүндө гана жабылды. Кумтөр кенин иштеткен компаниянын баалуу үлүш кагаздары бир жумада 69 центке арзандады. Бир канада доллары – 46 сом 38 тыйын.
Торонто фондулук биржасы Бишкек убактысы боюнча саат 19:30дан түнкү 2ге чейин иштейт. Канаданын Онтарио штаты Кыргызстандан 10 саат артта.
"Центерра Голддун" акцияларынын акыркы жылдагы эң төмөн көрсөткүчү июлда 3 канада долларына (C$3.00) түшкөн. Эң бийик көрсөткүчү былтыр ноябрда 11 канада доллары 64 центке (C$11.64) көтөрүлгөн. (BAz)