25-октябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара жетекчилери сүйлөшүп, аскерлерди чыгаруу боюнча макулдашкан соң, аймактагы мунай бургулоочу жерден тажик аскерлери толугу менен чыгып кетти. Ошондой эле тараптар чек арадагы бул тилкени пайдалануу боюнча чечимди өкмөттөр аралык комиссия кабыл алышы керек деген бүтүмгө келишти. Мунай бургулоо иштери убактылуу токтотулду деп маалымдайт КР чек ара кызматы.
Үстүбүздөгү жылы июль айында бул маселе боюнча эки өлкөнүн вице-премьер-министрлеринин жолугушуусунда тажик тарап мунай бургулоочу аймакты иштетүү ниети жок экенин билдиргени кабарланган.
Тажикстандын чек ара аскерлери Лейлектеги "Катта-Туз" мунай ишканасын кайра иштетүү талабы менен 24-октябрь күнүн аталган аймакка кирип алган. Андан соң кыргызстандык чек арачыларга кошумча күч тартылып, бейшембиден бери аймактагы “Достук” чек ара бекетинде абал чыңалып турган. Бул окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нааразылык нотасын жиберди.
Лейлектин Арка аймагындагы Катта-Туз мунай иштетүү жерин 40 жылга жакын аралыктан бери Тажикстан иштетип келген. 20 гектарга чукул аймакты июнь айынын соңунда кыргыз чек арачылары бошоткон. Кыргыз тарап бул аймак толугу менен Кыргызстандын ичинде турарын, чек ара талашы жоктугун билдирген.(JsA/ZKo)