Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Кыргызстан-Корея: ишкерлер кош салык төлөбөйт


Кыргызстан менен Корея ортосундагы ишкерлерге кош салык салбоо тууралуу макулдашуу парламентте каралат. Өткөн жылдын декабрында Сеулда кол коюлган “Кош салык салбоо жана киреше, капитал салыктарынын төлөнбөй калуусунун алдын алуу боюнча” кыргыз-корей өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо маселеси бүгүн ЖК Эл аралык иштер боюнча комитетинде каралат. Бул маселе боюнча депутаттардын алдында Экономика министри Темир Сариев маалымат берет.

Ал эми Бюджет жана каржы комитети «Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG