Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

ЖК комитети “Кыргызгазды” сатууга макул болду


Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети “Кыргызгаздын” 100% үлүшүн Орусиянын “Газпром” ишканасына сатуу келишимин карап, макулдугун берди. Келишимди дароо үч окууда кабыл алуу сунушу айтылды. Бул маалыматты “Азаттыкка” аталган комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев тастыктады. Эми бул келишим парламентте талкууланат.

"Кыргызгаз” ачык акционердик коому ушул жылдын 26-июлундагы Кыргызстан менен Орусиянын газ тармагында кызматташуу келишимине ылайык, Орусияга 1 долларга сатылган. Документ Жогорку Кеңешке сентябрда берилген. Парламент жакынкы күндөрү келишимди ратификациялоо маселесин карайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG