Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Аксыда мал уурулук көбөйдү


Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Күлүк-Дөбө, Жерге-Тал, Боспиек айылдарында мал уурулук көбөйдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Аксы РИИБнүн башчысы Абдурашид Керимбеков кабарлады. Анын айтымында, мал уурулук боюнча 10 факты катталган. Мал уурулуктун алдын алуу максатында милиция кызматкерлеринин 80 пайызы түнкү мөөнөткө которулду. Алар жергиликтүү тургундар, кошуундар менен бирге шектүү үйлөрдү кыдырат, күмөн санаган балдардын артынан түшөт. “Бизде маалыматтар бар. Беш-алты күндүн ичинде кылмыштардын бетин ачканга аракет кылабыз”, - дейт Керимбеков. (КЕ)

XS
SM
MD
LG