Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Грузиядагы президенттик шайлоодо бийликтин талапкери утту


Бийликтен кетип жаткан президент М.Саакашвилинин талапкери экинчи орунду ээледи
Бийликтен кетип жаткан президент М.Саакашвилинин талапкери экинчи орунду ээледи
Добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары “Грузин кыялы” башкаруучу коалициясынан көрсөтүлгөн Георгий Маргвелашвили башкалардан алдыда экенин көрсөттү. Жекшембидеги шайлоонун бюллетендеринин 90% ашууну эсептелип бүткөн соң Маргвелашвили 62% ашуун добуш алганы аныкталган. 44 жаштагы Маргвелашвили журналисттерге сүйлөп, саясий чөйрөнү “Грузин кыялынын” айланасында биригүүгө үндөдү.

"Бүгүнкү күн өзгөчө мааниге ээ, анткени бул толугу менен Европа стандартына төп келген тынч добуш берүү болду, - деди ал. - Бул шайлоо демократиянын жана саясий багыттын консолидациясына алып келет жана биздин элди чыныгы европалык мамлекетке айлантат".

Анын негизги атаандашы, азыр кызматтан кетип жаткан президент Михаил Саакашвилинин “Бириккен улуттук кыймылынын” талапкери Давит Бакрадзеге 22% добуш тийди. Ал утулганын мойнуна алып, Маргвелашвилини жеңиши менен куттуктады. Грузиядагы “Роза ыңкылабынын” башкы катышуучуларынын бири Нино Бурджанадзе 10% тегерегинде добуш топтогон. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары муну “позитивдүү жана айкын шайлоо болду” деп макташты. Парламенттин юридикалык комитети билдиргендей, жаңы президенттин инаугурациясы 17-ноябрга белгиленди.

XS
SM
MD
LG