Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Британия катуу бороонго кабылды


Британ аралдары болуп көрбөгөндөй катуу бороонго кабылды. Атлантика мухитиндеги төмөн басымдан улам пайда болгон куюн Англия, Уэльс жана Шотландиянын түштүгүндө транспорт жана байланышка, электр зымдарына залакасын тийгизди деп кабарлады өлкөнүн Метеорология кызматы. Айлана-чөйрө боюнча агенттик нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 141 жерди сел каптоо коркунучу бар экенин эскертти.

Бул сыяктуу бороон акыркы ирет 1987-жылы катталган.

Премьер-министр Дэвид Кэмерон өкмөт мүчөлөрү менен Лондондун мэри Борис Жонсон болсо шаардык кызматтар менен чукул жолугушууларды өткөрдү.

Бороон учурунда Ла-Манш кысыгында балык улап жүргөн 14 жаштагы өспүрүм дайынсыз жоголуп, аны издөө иштери шамалдан улам токтотулду деп кабарлады Ист-Сассекс полициясы.

Расмий маалыматтар боюнча, бороондон жабыр тарткан кыргыз жарандары жок.

"Ыйык Иуда" деп аталган бороон Британия боюнча 140 миңден ашуун үйдү токсуз калтырды. Өлкө боюнча 200гө жакын бак-дарак кулап түшкөн, алардын 100ү темир жол рельстерине кулаган. Ал эми Девондо шамалдан кубаттуулук иштеп чыккан турбина кулады. Сассексте 125 жана Кентте 70 бак кулады.

Ал эми Лондондун чок ортосунда Парламент аянты менен Хорс-гардс бульварынын ортосунда бороон кранды кулатып, Британиянын премьер-министри байырлаган Даунинг-стрит жана парламент жайгашкан Уайтхолл көчөлөрү жабылды.

Шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 44 метрге, ал эми Лондондо 32 метрге чейин жетти деп синоптиктер маалымдады. Учурда борбор калаада шамалдын ылдамдыгы секундасына 19 метр. Уайт аралында шамалдын ылдамдыгы саатына 160 чакырымга чейин жетти.

"Ыйык Иуда" бороону Англиянын борборун тейлеген алты аэропортко багыт алган самолётторду катуу термелтти. Лондондун чыгышындагы Сити аба майданына бир нече учак катуу шамалдын айынан коно албай, Саутэнд жана Станстед аэропортторуна кондурулду. Белгилей кетчү нерсе, Темза дарыясынын жанындагы "Сити" аэропортунун 1508 метрлик учуп-конуу тилкеси үч тарабы суу менен курчалган.

Дүйнөдөгү эң ири аба майдандары болуп саналган "Хитроу" жана "Гатвикте" да каттамдар үзгүлтүккө учурашты. "Хитроу" аэропортунда 130 рейс токтотулду деп кабарлады аэропорт.

Лондондун алты метро линиясы толук кандуу иштебей жатат. Темир жол каттамдары 50%га чейин кыскартылып, туннелдер, борбордогу асма жол толугу менен токтотулду. Франция менен Британияны бөлүп турган Ла-Манш кысыгындагы чоң толкундарга байланыштуу кайыктар менен жүрүүгө убактылуу тыюу салынды. Жол кайгуул кызматы мотоцикл жана жеңил машине менен жүрүүдө этият болууну сунуштады. (BAz)

XS
SM
MD
LG